"Эркин-Тоо"

Уникалдуу көргөзмө өтүп жатат

Бүгүн Ольга Мануилованын мемориалдык үй- музейинде кыргыз элине таанымал 7 көркөм кол өнөрчү, сүрөтчү, усталардын эмгектери коюлган көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү. Көргөзмөгө баш аягы болуп 50 эмгек коюлган. Андан Нурзат Жээнбек кызы, Жакшылык Чынтемиров, Рустам Мамбетов, Мааткерим Абышов, Курманбек Карыповдор сыяктуу өнөр адамдарынын чоподон жасалган кооз идиштерин, күмүш зер буюмдары, жыгачтан оюлган түрдүү композициялар, жүндөн туш кийиздер кыргыз элинин тарыхын жана турмуш тиричилигин чагылдырган буюмдарды көрүүгө болот.

КР сүрөтчүлөр кошуунунун көркөм кол-өнөрчүлүк боюнча бөлүмүнүн жетекчиси, эл сүрөтчүсү Ишен Чаланов:
— Бүгүн кол өнөрчү, сүрөтчү, зергерлердин башын бириктирген жакшы көргөзмө ачылып жатат. Бул көргөзмөнүн бир өзгөчөлүгүн байкадым. Ал биздин элибиздин жүзүн көрсөтүп тургандыгы менен айырмаланып тураарын айтып өтүшүм керек. Жыгач, кийизден жасалган бумдарды караңыздар булардын баары кыргыз жыттанган көркөм иштер. Ушундай көргөзмөлөр көбүрөөк уюштурулса жакшы болмок. Акыркы убактарда сүрөтчү, кол-өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмөлөр сейрек өтүп жатат. Андыктан бүгүнкү иш-чаранын уюштурулгандыгы жакшы иш болду.
Жыгачтан жасалган кол эмгектеринин автору Курманбек Карыпов:
— Бүгүн өнөр адамдарынын башы бириккен жакшы көргөзмөнүн ачылышы болуп жатат. Биз атайын эмгектенип жасаган көркөм буюмдарыбызды элдин назарына коюлса деп ойлойбуз. Мен бүгүнкү көргөзмөгө жыгачтан жасалган бир топ эмгегимди алып келдим. Алардын ар бири өтө кылдаттык, фантазия менен жасалган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!