КРнын Президентинин
Чүй облусундагы ыйгарым
укуктуу өкүлү Канат Жумагазиевге
Кайрылуу
Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында «Арашан» аталышында жаңы конуш бар. Аталган жаңы конушта ушул күндөрү 500гө чукул түтүн эл жашайт. Кызыгы, дал ушунча түтүн үчүн болгону бир гана электр трансформатору коюлган. Жөнөкөй гана логика, 500 гө чукул түтүндү (абонентти) тейлегенге бир трансформатордун күчү келеби? Бул жагы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи… Арашан айылындагы «Арашан» жаңы конушундагылар үчүн мындай көрүнүш соңку 4 жылдан бери орун алып, кылымдын көйгөйүнө айланууда. Электр энергиясынын жетишсиздигинин айынан күнүмдүк пайдалануучу муздаткыч, кир жуучу автомат машина өңдүү үй тиричилигине керектелүүчү техникалар кычыраган кышы боюу иштен чыгып, жергиликтүү эл аябагандай чыгымга дуушар болуп келдик. Бул жагын жаза берсек, сөз көбөйө берчүдөн…
Урматтуу Канат Сагынович!
«Арашан» конушунда жашаган тургундар бу жашоонун артыкчылыктарынан куру калганбызбы, кыш күрөөдө жогорудагы көйгөй кыйнаса жайкысын деле жыргап кеткен жайыбыз жок. Жай саратанындагы Арашан айылындагы электр энергиясынын жетишсиздиги кыш чилдеде кандай таңсык болсо, жайдын саратанында ичүүчү суунун тартыштыгы кылымдын көйгөйүнө айланууда. Ушул күндөрү 500 гө чукул түтүндүн тургундары жайдын чилдесинде суусу жок отурабыз. Сырттагы ысык бул болсо, ишенсеңер, бети-колду жууганга, даарат алганга тамчы суу жок. Себеби, жакынкы күндөрдө кошуна аймактарга суу тартканда суунун түтүкчөсүн туура эмес, катачылыкка жол берип кошушуп, суунун көп бөлүгүн тартып кетишкен. Натыйжасы ушул, жүздөгөн адамдар бүгүн суусуз, мукурап отурабыз.
Кыш боюу аталган аймактагы жергиликтүү эл “көк муштум” боло тоңуп, кыштан чыккан элек. Эми жайында «сөөгүбүз жылып», денебизге жылуулук кире баштаганда ичүүчү сууга зар болуп отурабыз. Бул эмне деген шумдук? Биз эмне тагдырдын «өгөй балдарыбызбы?» Биздин айыл өкмөт Сары-Өзөн-Чүйдөгү эң ири айыл аймак болуп эсептелет. Жергиликтүү тургундар керек болсо айыл өкмөттүн ким экенин да билбейбиз. Сизден сураныч, Сары-Өзөндүн жетекчиси катары биздин аймактагы адеп суу көйгөйүн, андан соң тез арада электр трансформаторунун жетишсиздигин эске алып, көйгөйлүү маселени жакынкы аралыкта чечип бересиз деген үмүттөбүз. Биздин мындай таалуу талаптарыбыз жергиликтүү жетекчилер тарабынан жүр-нарыга салынып, аткарылбаса, анда биз көйгөйүбүздү Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке өздөрүнө кайрылууга аргасыз болобуз…
Сиздин түйшүктүү ишиңизге ири ийгиликтерди каалаган Арашан айылындагы «Арашан» жаңы конушунун тургундары.