Үстүбүздөгү жылдын башынан тартып борбордо жашаган 100дөн ашуун адам таштандыларын уруксат берилбеген жайларга төккөнү аныкталган. Бул боюнча Бишкек шаардык муниципалдык инспекциясы активдүү көзөмөл жүргүзүүдө. Рейд учурунда тартип бузгандарга жеринде, ошондой эле видеокөзөмөл камераларынын тасмаларынын негизинде чара көрүлүүдө
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө эрежени бузган жашоочуларга жалпы 104 протокол (572 миң сомго), юридикалык жактарга 90 протокол (1 млн 530 миң сомго) түзүлдү. Ал эми курулуш, тигүүчү жайдан чыгып, ыргытылган калдыктар үчүн 2 318 500 сомго протокол түзүлгөн.
Бишкек шаардык муниципалдык инспекциясы жарандарга кайрылып: «Таштандыларды атайын таштанды салынуучу кутуларга алып барыңыздар. Ошондой эле калдыктарды жыйнап, кутуларды бошотуп кете турган кызматкерлердин иштөө графигин эске алууңуздарды суранабыз»,-деди.