"Эркин-Тоо"

Уста Халил МОМУНОВ: “Курманжан датканын иниси Акбалбандын ышкырыктуу жаасын жасап бергем”

Элибиз илгертен кол өнөрчүлүккө шыктуу, эмнени гана жасабасын колдору эптүү келип, көркөмдөлгөн чиймеге, көз жоосун алган оймого жакындыгы менен өзгөчөлөнгөн. Устачылык атадан балага, узчулук энеден кызга өтүп өнөрдүн муундан муунга берилүүсү кезибизде да уланган көрүнүш.
Балалык чагынан устачылыкка кызыгып, аны сүйүктүү кесиби катары улантып кеткен Халил уста колунан чыккан ар бир жарак менен элдин баасына, алкышына татып келет. Темирге жан киргизген, жыгачты жылмалап түркүн кооздукту пайда кылган темир уста, жыгач уста аттуу өнөр ээлерин кулагыбыз көп эле чалып жүрөт эмеспи. Бирок, мүйүзгө жан киргизген уста дегенди уктуңуз беле?Англис тилинде эркин сүйлөп, дүйнөнүн булуң бурчун кыдырган Халил уста, мергенчилерден алган текенин мүйүзүнө жаңы шекил берип, жаа жасайт. Жасаган жааларды дүйнөнүн ар тарабынан келген меймандар белек үчүн алып кетишет. Алсак, Юрий Лужков, Джордж Сорос, Владимир Путин, Нурсултан Назарбаев сыяктуу белгилүү инсандарга тартуу катары устанын жааларын беришкенин өзү да сыймыктануу менен эстейт.

Баткен облусуна караштуу Ак-Турпак айылында төрүлүп өскөн Халил Момунов:

Менин атам зергер уста болгон. Тубаса нукура таланты менен илгерки чачпак, билерик, оймок сыяктуу зер буюмдарды жасап келген. Таякелеримдин да талантын эске алып, мага өнөр эки тараптан тең берилген десем жаңылышпайм. Бала кезимде айылдагы сары таштарга жан жаныбарлардын сөлөкөттөрүн берип, окшоштура берчүмүн. 7-классымда биринчи жолу биз ошол учурда көрүп чоңойгон индия фильмдеринин каарманы Митхун Чакрабортинин бьюстун жасагам”,-дейт.

Көчмөндөр оюндарына жана көптөгөн эл аралык симпозиумдарга тынымсыз катышып келген Халил Момунов, курал-жарактарды жасоо үчүн кыргыз фильминен гана эмес, казак фильминен да буйрутмалар түшүп турарын айтат:

Мектепти бүтүргөн соң Чокморов атындагы кол өнөрчүлөр окуу жайында сөөккө, мүйүзгө оймо түшүрүү бөлүмүндө окудум. Аны бүтүргөн соң 1993-жылы Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт академиясынын скульптура бөлүмүнө тапшырдым. Академияны бүтүргөн 1998-жылдан бери мына ушул күнгө чейин Кыргызфильмде жекече иш алып барып келем. Бул жакта кыргыз фильминин курал-жарактарын жасайм. Курманжан датка фильминдеги датканын иниси Акбалбандын ышкырыктуу жаасын, андан сырткары 40 найза, 30 чакты жөнөкөй жааларды жасап бергем. Ата-бабаларыбыз ышкырыкты душмандарды коркутуу максатында колдонушкан экен”.

Курал-жарак жасоодо ошол доорлордогу сезимдерди, элестерди берүү үчүн алар тууралуу тарыхый булактардан маалыматтарды алып, даярдык көрөрүн белгилеп өткөн агай, ошол жарактардын көлөмү, салмагына чейин так берип жасоону туура көрөт.

Тарых таржымалына өтө маани берем жана сүрүштүрүп келгенде ошол доорго дал келгендей кылып жасайм. Мисалы, айбалтаны бабаларыбыз адамдарды жазалоо үчүн колдонушкан. Андагы түпөк душмандын башын алган соң канга боёлгон айбалта башын тазалоо үчүн жасалыптыр. Ал эми найзалар 4 метр, жунгарлардыкы 6-8 метрге чейин жеткен. Найзанын ылдый жагында үзөнгүсү болгон. Согуш учурунда жоокерлер ат үстүндө уктап, жоолошууга дароо камдануу үчүн ошол найзанын үзөңгүсүнө буттарын коюп алып укташкан экен”-дейт Халил агай.

Эң биринчи мүйүздөн жасаган жаасын эске салган уста: “Эң биринчи жааны жасаганым эсимде (күлүп). Аны майга кайнаткам. Мүйүздү майга кайнатканда күйүп каларын билген эмесмин да. Көрсө мүйүздүн 99 пайызы чачтан турат экен. Баарын бүтүрүп туруп, эми тартайын дегенде тарс этип экиге бөлүнүп калып жатпайбы. Ошондон кийин экинчи майга жолоткус кылдык”.

Чыгармачыл адам үчүн иштеген жеринин ыңгайлуу болушу да өтө маанилүү эмеспи. Халил агайдын иштеген жери кенен, тынчтыкка бөлөнгөн, тынымсыз кыймылда болгон шаардын, андагы күн-түн дебей каттаган унаалардын шуулдагынан бир кадам аттап, чымчыктар сайраган кичинекей айылдын бакчасына кирип баргандай болот экенсиң. Кээде ошол бакчасына чыгып, түрдүү жер жемиштерди айдап, табият койнундагы жай, күнүмдүк жумуштар менен алектенүүнү жактырган каарманыбыз бул жылы 21 түп жүзүм багын отургузган.

Кесибине болгон сүйүүсү чарчоону эч сездирберин айткан уста, азыркы учурдагы катыша турчу бир катар иш-чаралары менен кыскача тааныштырып өттү:

Ар кыл тармактан өнөр ээлери барган Венгриядагы курултайга ар бир 2 жыл сайын катышып турабыз. Будапештте “Туран” союзу өткөргөн бул көргөзмөдө кол өнөрчүлүгүбүздү тартуулап, маданиятыбызды көргөзүп келебиз. 2019-жылы араб эли 2000ге жакын кыргызды чакырып, көчмөндөр оюндары уюштурулган. Жакында ошол Сауд Арабиясында өтө турчу көчмөндөр оюндарына 1-декабрдан 31-декабрга чейин 1 айга барууга даярдануудабыз. Ал жактан келген соң январь айында Индияда эл аралык фестивалга катышууну пландоодомун.

 

 

Алтынай НУРДИНОВА

№100 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 19-декабры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!