"Эркин-Тоо"

УТРК – УЛУТТУН ЖҮЗҮ

Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын түзүлгөндүгүнө быйыл 90 жыл болду. Бир кылымга тете тарыхында кыргыз телевидениеси, радиосу бараандуу жолду басып өттү. Мааракеге арналып “Ааламдашуу шартындагы медиа” аттуу эл аралык форум болуп өттү. Форумду УТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев ачып, кыргыз телерадио берүүсүнүн алгачкы уюшулган жылынан тартып, азыркы абалына чейин токтолуп өттү.

КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат ИМАНАЛИЕВ:

— Кыргызстанда эң алгач 1924-жылы “Эркин-Тоо” гезити негизделип иштей баштаган. Ал эми 1926-жылы радиолоштуруу иштери башталган. 1931-жылдын 19-декабрында Кыргыз АССРинин байланыш министрлигинин алдында радио комитет түзүлгөн. Дал ошол жылдан тартып Кыргызстанда профессионалдуу радио журналистикасы өз көчүн баштаган. Ал эми 1932-жылдын 9-майында Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу комитетинин алдында Кыргыз мамлекеттик радио комитет түзүлгөн. Мына ошол комитет азыркы күндөгү улуттук каналдын башаты болуп саналат. 1957-жылга чейин радиоуктуруу боюнча мамлекеттик комитет болуп келгенбиз. Ал эми 1957-жылы радиоуктуруу жана теле көрсөтүү мамлекеттик комитети болуп түзүлгөн. Советтер Союзунун учурунда советтик идеологиянын негизги куралы катары иштеп келдик. Ал эми 1991-жылдан тартып, эгемендүү мамлекет болгондон кийин, Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө, телчигишине көмөк көрсөтүп, Кыргыз мамлекетинин үнү жана жүзү болгон. Биздин корпорация ушундай байсалдуу жолду басып өттү. Канча жолу мамлекеттик, улуттук, коомдук деген макамдарга ээ болду. Ал эми үстүбүздөгү жылы Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бизге “улуттук” деген макам берилди.


КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек МАКСУТОВ:

— Жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында телевидение менен радио өзгөчө орунду ээлейт. Республиканын улуттук телерадио корпорациясы Кыргызстандагы телерадио тармагынын калыптанышына, өнүгүшүнө зор салым кошкон флагманы. Бүгүнкү күндө маалыматтык мейкиндикти өнүктүрүү максатында корпорация маалыматтык маданиятты агартуу жана билим берүү, интеграциялоо, социалдык агартуу, ошондой эле калкты мамлекеттик саясат менен ишенимдүү камсыз кылуу сыяктуу жогорку вазийпаны аркалап келет. Мындан сырткары УТРК көп улуттуу өлкөбүздөгү бардык улуттук социалдык топторго багытталган программаларды даярдап, инсандарды ар тараптуу өнүктүрүүгө, элдин маданий деңгээлин көтөрүүгө эбегейсиз зор салым кошуп келе жатат.


КРнын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек КАСМАМБЕТОВ:

— Кыргыз наркында, кыргыз салтында азыркы биз жашап жаткан заманга чейин эле журт кабары, эл кабары деген маалымат алмашуу, кабар айттыруу эрежеси болгон. Бир айылдан бир айылга кабар жеткирген чабармандар болгон. Алардын макамы элчилерден да бийик болгон. Барган жеринде коштоочу атчандар менен тосуп алып, бир журттун кабарын экинчи журтка жеткирип турган. Ал чабарманды сыйлап төргө олтургузган. Маалыматсыз адам баласы жашаган эмес. Кыргызстанда 1993-жылдары эгемен Кыргыз мамлекетинин массалык маалымат каражаттарынын мыйзамы кабыл алынган. Ошол мыйзам 30 жылдан ашуун убакыттан бери аракетте. Маалымат каражаттарындагы жоопкерчиликти көтөрүү, мыйзамдуулукту сактоо, дегеле маалымат саясатын ишке ашырууда ошол учурдагы Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов агайыбыздын эмгегин да айта кетпесек болбос. Азыр ал киши ушул жыйынга катышып залда олтурат. Кыргыз телевидениесине бүтүндөй өмүрүн арнаган Байма Сутенова сыяктуу мэтрлер катышууда. Ал кишилер азыр да талыкпастан эмгектенип жатат. Мен баарыңыздарды кыргыз улуттук теле радио берүү корпорациясынын 90 жылдык мааракеси менен чын ыкластан куттуктаймын. Ушул айдыңда, маалымат айдыңында эмгектенип жаткан журналисттердин ишине ийгилик каалайм.


Казак Республикасынын Казакстан улуттук телерадиоберүү корпорациясынын төрайымы Лаззат ТАНЫСБАЕВА:

— Соңку жылдары Казакстан менен Кыргызстандын телерадио берүү корпорациялары чыгармачылык жактан байма-бай байланышып келет. Кайрат Олжобаевич Астанага бир нече ирет келип кетти. Өткөн жылы биз Чыңгыз Айтматовго арнап документалдык фильм тартып, анын бет ачарын Бишкекте өткөрдүк. Ал фильм биздин элге өзгөчө таасир берди. Кайрат Олжобаевич менен да сүйлөштүк, келечекте да даректүү тасмаларды бирге жаратабыз. Азыр биздин корпорация “Коркут ата” аттуу тарыхый сериалды тартып жатат. Ага Кыргызстандын улуттук телерадио берүү корпорациясы да колдоо көрсөтүүдө. Ал тасмага сиздердин белгилүү манасчы Рысбай Исаков тартылмакчы. Эмдиги жылы ал тасманы сиздерге алып келип көрсөтөбүз деген оюбуз бар. Бизде балдарга арналган “Балапан”, ал эми сиздерде “Баластан” деп аталган программалар бар. Ошол эки студиянын ортосунда да тыгыз байланыш түзүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле Түркия радиотеле берүүлөр, Өзбекстан мамлекеттик телерадио берүүлөр мекемелеринин өкүлдөрү, Кытай эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси, Лондондон атайы келген дүйнөлүк “Би-би-си” кызматынын кыргыз кызматынын редактору Гүлнара Касмамбетова ж.б. куттукташты.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!