"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

УТРКга жаңы жетекчи дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Уланбек Алимбаевич Сатиев Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды. Мурдагы башкы директор Болотбек Тиллебаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Тескеме Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамдын 11-беренесине ылайык чыгарылды.