"Эркин-Тоо"

Уулу Жеңиш күнүнө карата республикалык мелдеш Ош шаарында өтөт

7-9-май күндөрү Ош шаарындагы Төлөйкан ат майданында 9-май Уулу Жеңиш күнүнө карата республикалык мелдеш өткөрүлөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Мелдештер ат оюндары, эр эңиш, ат чабыш, салбуурун боюнча уюштурулат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.