Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында бир катар депутаттар Бишкектен уурдалып, өмүрү кыйылган кыз тууралуу маселе көтөрүштү. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Дастан Бекешев ички иштер министри Уланбек Ниязбековду чакырууну сунуштады. Муну «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Наталья Никитенко да кубаттады.
«Жогорку Кеңеш мамлекеттик жогорку кызматта отурган жетекчилердин ишине баа бериши керек. Бул кайгылуу окуяга кайдыгер карап, четте турбашыбыз зарыл», — деди Никитенко.
Депутат Айсулуу Мамашева бул маселени Жогорку Кеңештин төрагасынан күн тартибине киргизүүгө чакырды.
Эске салсак, 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.