"Эркин-Тоо"

Уурулукка шектүүлөр кармалды, алардын бири — өспүрүм

Ош облусунун Кара-Суу районунда уурулукка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 12-январга караган түнү Савай айыл аймагындагы дүкөнгө белгисиз адамдар кирип, 1 ККМ аппаратын жана 14,9 миң сом уурдап кетишкен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 10-февралда шектүү катары 42 жаштагы М.А. жана 2009-жылы туулган А.Б. аттуу жарандар кармалган.

Милициядан билдиришкендей, тергөө амалдары учурунда аталган эки шектүү дагы 2 дүкөнгө кирип, уюлдук телефондорду жана азык-түлүктөрдү уурдагандыгы аныкталган. Алдын ала эсеп боюнча, жарандарга келтирилген зыян 52 миң сомду түзгөн.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!