Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Белгиленгендей, былтыркы жылдын 6-октябрында А.Б. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Ал арызында 25-сентябрь күнү Гоголь көчөсүндө жайгашкан компьютердик клубдардын биринде жеке буюмдары салынган сумкасы уурдалганын анын негизинде 14 миң сом өлчөмүндө зыянга учураганын билдирген.
Бул факты каттоого алынып, 205-берене (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Т. аттуу 1996-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
«Кол салуучунун кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар 0 (702) 17-45-35, 0 (554) 84-97-84 же 102 телефондоруна кайрылыңыздар»,— деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.