"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Увам каналына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылды

Ош шаарындагы Увам каналына түшүп кеткен 21 жаштагы жигиттин сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2004-жылы туулган А.у.Т. аттуу жарандын аталган каналга түшүп кеткендиги тууралуу кабар түшкөн.

Издөө иштерине ӨКМдин 38 куткаруучусу, Ички иштер министрлигинен 10 кызматкер жана маркумдун туугандарынан 20 адам – жалпы 68 киши тартылган.