"Эркин-Тоо"

UWW уюму Жоламан Шаршенбековдун катышуусундагы шыктандыруучу видео жарыялады

Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековдун катышуусундагы шыктандыруучу видео жарыялады.

“Миңдеген ынтызар балбандар өз учурун күтүп жатышат. Ынтызарлык ийгиликтерди жаратып келет. Сенде бардык өнөр бар, бирок канчалык деңгээлде ынтызарсың?” — деген суроо берилет видеодо.

Эскерте кетсек, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты балбаны” жана «Тарых жаратуучу» наамына татыган.

Учурда Шаршенбеков жалпы 55 миң упай менен дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 60 кг салмак категориядагылар арасында 1-орунда турат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!