"Эркин-Тоо"

Уюлдук телефон тоноого шектүү жарандар кармалды

Уюлдук телефон тоноого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 29-июлунда болжол менен саат 04:00 чамасында “102” кызматына Интергельпо көчөсүндө уюлдук телефон тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2005-жылы туулган А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жарандар арыз ээсине карата күч колдонуп, “Редми” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алышкан.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган Т.К., 2007-жылы туулган А.А., жана 2007-жылы туулган М.Ш. аттуу жарандарды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!