"Эркин-Тоо"

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан ишкерлерге келтирилген зыяндын орду толтурулду

«Мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан ишкерлерге келтирилген зыяндын орту толугу менен толтурулду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти.

«КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында көп жылдар бою ишкерлерден жана КР жарандарынан КЭРден экспорттолгон жүктөрдү жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз тартып алуу менен алектенип келген, ошону менен бирге Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы түзүшкөн К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган.

КР УКМКга кылмышкерлер тарабынан 385 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян тарткан “М.Г.” атту жаран арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, УКМК тарабынан “өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөөлөрдүн жүрүшүндө  К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде КР Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган.

Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен толтурулду»,- деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө амалдары уланууда.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!