"Эркин-Тоо"

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунааларын мамлекеттин пайдасына алынды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунааларын мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштерин тергөө учурунда, К.А. уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынды.

Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!