Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, шериги ооруканага түштү.
Ал эми Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, кечээ, 12-январда Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү банктын жанындагы аялдаманын артында Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну А.Н. жана шериги — Кара-Суу районунун тургуну Н.М.га унаа менен келген белгисиз жарандар бычак менен кол салышкан. Анын кесепетинен А.Н. алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми шериги Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Маркум жана жабыркаган жаран ИИМдин тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган.
Учурда кылмышка шектүү жарандар изделүүдө. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүүдө.