"Эркин-Тоо"

Узакка чуркоо боюнча дүйнөлүк рекордчу Келвин Киптум көз жумду

Марафон боюнча дүйнөлүк рекордчу, жөө күлүк Келвин Киптум 24 жашында жол кырсыгынан көз жумду. Бул кабарды Кениянын экс-премьер-министри Раила Одинга «Х (Твиттер)» баракчасына жазды.

Жол кырсыгы кечээ, 11-январда Кениянын батышындагы тоолуу аймакта, жөө күлүктөр машыгуучу базага жакын жерде болгон.

Келвин Киптум 14-апрелде Нидерландиянын Роттердам шаарында өтө турган марафондо мурдагы рекордун жаңылоого даярданып жаткан.

Жергиликтүү полициянын берген маалыматына караганда, Келвин машыктыруучусу Жерве Хакизимана менен бирге базага келе жатып, рулга ээ боло албай калган. Ал айдаган Toyota Premio унаасы жолдон чыгып, даракты сүзүп, анан арыкка кирип кеткен. Кырсыктан жөө күлүк да, машыктыруучусу да көз жумган.

Кениялык жөө күлүк АКШнын Чикаго шаарында өткөн марафондо 2 саат 35 мүнөттө келип, жердеши Элиуд Кипчогенин рекордун жаңылаган.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!