Эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Россиянын Москва шаарынан кармалып, Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын башында өткөрүлгөн биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1972-жылы туулган Б.У.К. аттуу жаран Москва шаарында колго түшүрүлгөн.
ИИМдин маалыматы боюнча, ал оор кылмыштар үчүн мурда бир нече жолу соттолгон жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Криминалдык чөйрөдө «Узун Улан» деген каймана ат менен белгилүү болгон бул жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Б.У.К. Камчы Асанбектин жакын жана ишенимдүү адамдарынын бири катары анын жеке коопсуздугуна жооптуу болгон. Ал ишкерлерге карата опузалоо, кыймылсыз мүлктөрдү тартып алуу жана башка кылмыштуу иштерге катышкан деп шектелүүдө.
2019-жылы Бишкек шаарында чет өлкөлүк ишкерге карата өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу жана каракчылык менен кол салуу фактысы боюнча ага айып тагылган.
Кармалган жаран Кыргызстандын милиция кызматкерлери тарабынан Москвадан Бишкекке жеткирилип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.