"Эркин-Тоо"

Узундугу 12 чакырымды түзгөн туннелдин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объектилеринин бири болгон туннелдин курулушу башталды.

Туннелдин жалпы узундугу 12 чакырымды түзөт. Ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан башталып, Тогуз-Торо районунан бүтөт.

Ал эми Кыргызстандын аймагындагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорунун жалпы узундугу 300 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.