"Эркин-Тоо"
Дин

Вакцинанын төрт түрүн алган зыяратчыларга гана ажылыкка уруксат берилди

Алар Pfizer-BioNTech, Oxford-AstraZeneca, Moderna же Johnson & Johnson вакциналары. Бул тууралуу Фергана маалымат агенттиги жазды. Сауд Арабиясына кирүүгө Pfizer-BioNTech, Oxford-AstraZeneca, Moderna эки дозасын же Johnson & Johnson вакцинасынын бир дозасын алган зыяратчыларга уруксат берилгени такталды.

«Дал ушул дары-дармектер Сауд бийлиги тарабынан жактырылган», -делет маалыматта. Сауд Арабиясындагы орусиялык COVID-19 вакциналарынын бири дагы бекитилген эмес. Падышалыктын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Саудия өкмөтү бекиткен вакцинанын күчөткүчтөрүн алса, өлкөгө кирүүгө Sinopharm же Sinovac менен эмделгендер үчүн да уруксат берилерин билдирди.