Ош шаарынын Черемушка кичи районунда Валентина Терешкова атындагы мектеп-интернатынын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.
Башкармалыктын өкүлү Акылбек Акаевдин айтымында, учурда мектептин сырткы бөлүгүндө иштер жүрүп жатат.
«Футбол аянтчасы, сырткы даараткана, тосмолор жана башкалар курулууда. Курулушту 20-июнга чейин бүтүрүү пландалган», — деди ал.
Жаңы мектеп-интернат 700 окуучуга ылайыкталып, анын ичинен 500 окуучу үчүн жатып окуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.