"Эркин-Тоо"

ВАЛЮТА РЫНОГУ УЛУТТУК БАНКТЫН КӨЗӨМӨЛҮНДӨ

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан тартып эле өзүнүн улуттук валютаcын жүгүртүүгө киргизүү менен өзгөрүлмөлүү алмашуу курс режимин кабыл алган. Бул чет өлкө валютасынын сомго карата алмашуу курсу рынокто түптөлгөн чет өлкө валютасына суроо-талаптын жана сунуштун негизинде аныкталат дегенди түшүндүрөт. Көз карандысыздыкка ээ болгон жылдар ичинде Улуттук банк көздөгөн өзгөрүлмөлүү алмашуу курсу өз натыйжалуулугун тастыктап, дүйнөлүк рынокто жана ички макроэкономикалык жагдайда өзгөрүүлөргө өз учурунда ыңгайлашууга мүмкүндүк берип келет. Ошол убакта кабыл алынган бул экономикалык чечимдин тууралыгын турмуш ырастап көрсөтүүдө. Валюта рыногунда тышкы факторлордун жана ички субъективдүү факторлордун таасиринен пайда болгон ар кандай татаал кырдаалдардан татыктуу чыгып кетүүдө мына ушул эркин калкуунун жардамы көп эле тийип жатат.

Ырас, убагында улуттук валютанын эркин калкуусун каалабагандар болбой койгон эмес. Улуттук валюталарын эркин калкууга чыгаруудан экономикалык жактан алда канча кубаттуу айрым өлкөлөр баш тарткан учурлар болгон. Алар улуттук валютанын курсун ири көлөмдөгү финансылык каражаттарды жумшоо менен кармап турууну туура көрүшкөн. Бирок мунун максатка ылайыксыз экенин түшүнгөн Өзбекстан мамлекети Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден тартып өзбек сумун эркин калкууга чыгаргандыгын жакшы билебиз. Анткени, улуттук валюта тышкы же ички факторлордун таасиринин натыйжасында кескин серпилүүгө дуушар болсо аны интервенция инструментин колдонуу менен басаңдатууга мүмкүн болуп калат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы валюта рыногундагы кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алып, керек учурларда аны турукташтыруу үчүн тийиштүү иш-чараларды аткарып келүүдө. Бирок Россия Украина жаңжалынын башталышы менен дүйнөлүк валюта рыногунда оор абал пайда болду жана анын таасири биздин республикага да тийбей койгон жок. Өткөн жылы өлкөдө валюта рыногунун туруктуулугун сактоо үчүн Улуттук банк он төрт жолу интервенция жасады.

Улуттук банк валюта рыногундагы туруктуулукту сактоо үчүн интервенциядан башка дагы бир катар иш-чараларды, атап айтканда, туруктуу негизде коммерциялык банктардын жана акча алмаштыруу бюролорунун ишмердигине күчөтүлгөн көзөмөлдү жүргүзүп келет. Алсак, 2022-жылдын ичинде Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга 151 текшерүү жүргүзүлүп, 75 жазуу түрүндөгү буйрук-көрсөтмөлөр, 33 эскертүү жана 14 сунушкөрсөтмө берилген. Ошондой эле 12 коммерциялык банктын иши текшерилип, алардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо зарылдыгы тууралуу 10 буйрук – көрсөтмөнү жөнөткөн жана кардарларды банктык тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, калктын керектөөлөрүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы чет өлкөлүк накталай валютаны камсыз кылуу боюнча сунуштар берилген.

2022-жылы 135 акча алмаштыруу бюролоруна тышкы көзөмөл алкагында текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыктары боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн 270 кат жүзүндөгү буйрук-көрсөтмөлөр жөнөтүлгөн жана 48 лицензиянын иши убактылуу токтотулуп, 6 валюта алмаштыруу бюролорунун лицензиялары жокко чыгарылган. Мындан сырткары 23 валюта алмаштыруу бюролоруна 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган (айып пулдун жалпы суммасы 1 миллион 265 миң сомду түзгөн). Ошол эле учурда укук коргоо органдары менен биргеликте Улуттук банктын тийиштүү лицензиясысыз чет өлкөлүк валюталарды алмаштырууну жүзөгө ашырып жаткан кишилерге 63 текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча 48 кишинин ар бирине 17,5 миң сомдон айып пул салынды, анын жалпы суммасы 840 миң сомду түздү.

2023-жылдын башынан тартып валюта алмаштыруу бюролоруна 9 инспекциялык текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча, ошондой эле валюта алмаштыруу бюролорун тышкы көзөмөлдөөнүн алкагында Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузгандыгы үчүн 31 буйруккөрсөтмөлөрдү жөнөткөн жана алардын талаптарын аткарбагандыгы үчүн ар бир валюта алмаштыруу бюросуна 55000 сом өлчөмдөрүндө айып пул салынган.

Улуттук банк күн сайын валюта рыногундагы абалга көз салып турат жана мыйзамдарды бузбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эгерде валюта рыногунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулган болсо аларга Улуттук банк тарабынан берилген лицензияны алып койгонго чейинки тийиштүү чаралар көрүлүп турат.

2022-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер Кабинетинин жыйыны болуп, анда Президент банк тутумунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маселелерди көтөргөн. Өлкө башчы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Улуттук банкка жана коммерциялык банктарга жарандардын АКШ долларын накталай алышы үчүн комиссиянын өлчөмүн, кредиттер боюнча пайыздык чендерди жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын төмөндөтүү боюнча актуалдуу маселелерди козгоп, алмашуу бюролорунун жана коммерциялык банктардын чет өлкө валютасын маалыматтык тактада көрсөтүлгөн курска туура келбеген курс боюнча сатуу жагындагы ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырган. Президент тарабынан банк тутумунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча бул сунуш-пикирлер эске алынып, өткөн жумада Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев менен коммерциялык банктардын жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Улуттук банктын Төрагасы тарабынан коммерциялык банктар чет өлкө валюталарын нак акчага айландыруудагы учурдагы комиссиясын карап чыгуусу, калктын банктык кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн эске алуу менен тейлөөнүн сапатын жогорулатуу зарылдыгы белгиленди. Ошондой эле, нак жана нак эмес чет өлкө валюталары менен иштөө талаптарын эске алуу, Кыргыз Республикасынын ПФТД/ЛПД (терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө) мыйзамдарын сактоону жана банктардын ишинде ички контролдук системасын күчөтүү зарылдыгын айтты.

«Учурдагы шарттарда коммерциялык банктар өз стратегиясын кайра карап чыгып, активдердин сапатын жакшыртууга, кардарларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде пайыздык ченди төмөндөтүү жолу менен кардарлар базасын сактоого жана көбөйтүүгө басым жасашы зарыл. Анын ичинде кредиттер боюнча пайыздык чендерди азайтуу менен, тарифтер жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн комиссияларды, атап айтканда, чет өлкө валютасындагы каражаттарды конвертациялоо жана накталай чыгарып алуудагы комиссияларды карап чыгуу керек», — деп баса белгиледи К.Бөкөнтаев.

Жолугушууда ошондой эле банктар тарабынан мыйзам талаптарынын сакталышын Улуттук банк туруктуу негизде көзөмөлдөп турары жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгы кошумчаланды.

Абдимухтар АБИЛОВ
№6 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 27-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!