Sputnik радиосуна хирург-флеболог Армен Авакян маек куруп, кан тамырында варикозу бар адамдар көлгө түшүү сезонунда абайлашы керек экендигин айтып берди. Анын айтымында варикозу бар адамдар күнгө какталганда кан тамырлар ысып, кандын уюшу башталат. Адис кан тамырда кан уюбашы үчүн күнгө күйбөй, суу ичип, ошондой эле булчуңдарды иштетиш үчүн басуу зарылдыгы бар деп баса белгилеген.