Венгрия мамлекетинин парламенти Конституциялык соттун төрагасы Тамаш Шуйокту өлкөнүн жаңы президенти кылып дайындады.
Шуйоктун президенттикке талапкерлигин 134 депутат колдоп, 5 депутат каршы болду. Жалпысынан 146 депутат добуш берди, бирок жети добуш жараксыз деп табылды. 67 жаштагы Тамаш Шуйок Конституциялык сотто 10 жылдан бери иштеп, аны 2016- жылдан бери жетектеп келет.
1997-жылдан 2014-жылга чейин ал жеке юридикалык иш менен алектенип, 2000-жылдан баштап конституциялык судья болуп шайланганга чейин Австриянын Сегед шаарындагы ардактуу консул болгон. 2005-жылдын сентябрынан тарта Сегед университетинде конституциялык укуктан сабак берип баштаган.
26-февралда Венгриянын парламенти экс-президент Каталин Новакты отставкага кетирген. Ал 10-февралда педофилия боюнча соттолгон туткунга ырайым кылуу боюнча жаңжалдан кийин кызматтан кетерин жарыялаган.