"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Ветеринардык кызмат 5 айда 84 млн сомдон ашуун каражат чогултту

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат 2025-жылдын январь–май айларында атайын эсепке 84 млн 021,7 миң сом түшүрдү. Бул жылдык пландын 41,8 пайызын түзөт.

Түшкөн каражаттын ичинен:

  • Эмгек акыга – 40,5 млн сом,

  • Социалдык фондго – 7 млн сом,

  • Киреше салыгына – 4 млн сом жумшалды.

Эскерте кетсек, 2025-жылга Ветеринардык кызмат үчүн жалпы 200,9 млн сом чогултуу планы коюлган.