— Манасбек Бабакулович, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн ветеринариялык абалына токтолсоңуз? Окумуштуу катары сиздин купулуңузга толбогон жагдай барбы?
— Союздук мамлекеттин курамында болгон учурда Кыргыз Республикасында ветеринарияга тиешелүү мыйзам актылары “Ветеринардык мыйзам” журналы катары камсыздалып турган эле. Ал учурда ветеринариялык абал бир топ жакшы болчу. Бирок, мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан кийинки 33 жылда ошондой ветеринария боюнча мыйзамдардын жыйнагы чыгарыла элек. Акыркы жылдардагы кээ бир жаныбарлардын ылаңдарына каршы күрөшүү боюнча, атайын долбоорлорду ишке ашыруу боюнча (ОРСП) финансылык колдоосунун алкагында, жарыкка чыгарылган “Методикалык көрсөтмөлөр (2012-ж.), стратегиялык иштелмелер анча-мынча учурдун талабына жараша аз нускада даярдалганын эске албаганда, учурда жер-жерлерде иштеп жаткан ветеринардык адистер пайдалана турган мыйзам жыйнактары жок. Мамлекетибизге сырттан келип жаткан биопрепараттар (вакциналар) жана ылаңдарга каршы колдонулуучу дары-дармектер боюнча инструктивдүү колдонмолор жазылып, аны Ветеринария жаатындагы ыйгарым укуктуу орган бекитүүсү керек эле. Тилекке каршы бул процесс толук колго алына элек. Азыр аргасыздан ар ким өз алдынча эле иштешип жатышпайбы. Айылда иштеп жаткан адистердин атайын адистик жактан жетишсиз иштерди уюштурушса же туура эмес иш жасап алышса, экономикалык зыянга жол берип коюусу толук ыктымал. Учурда министрликтин карамагындагы Ветеринардык кызматтын аталышы жана структурасы туура эмес болуп калган. Бир мамлекеттик структуранын алкагында, б.а. Ветеринардык кызматтын алкагында көзөмөлдөө функциясы менен бирге негизги ветеринардык иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу иштеринин болушу тармактагы коррупциялык тобокелчиликты пайда кылат. Бир орган бир колу менен уруксат берип, экинчиси менен ал ишти өзү аткарбашы керек деп ойлойбуз. Мындай абалда ветеринардык иштерди уюштуруудагы кемчиликтерди жашырууга шарт түзүлөт, тармак туруктуу өнүкпөйт. Бул маселе боюнча ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде депутатыбыз Балбак Түлөбаевдин демилгеси менен 2023-жылы коомдук талкуу жүргүзүлө баштаган. Алгачкы талкуу Чүй жана Талас облусунун ветеринардык кызматкерлеринин жана Бишкектеги кызыкдар адистердин катышуусунда өткөрүлгөн, бирок кийинки мындай талкуулар уюштурулбай ошол боюнча токтоп турат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамдарында көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүүгө мамлекеттик мекеме КРнын Министрлер Кабинетине баш ийүүсү зарыл деп жазылган. Ошондуктан Ветеринария жаатындагы көзөмөлдөөчү орган болуп КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде болгону туура болот деп ойлойбуз.
— Эгерде мындай колдонмолор жок болсо айылдык вет-врачтар эмнеге негизденип иштеп жатышат?
— Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп “Жеке ветеринардык практиканы уюштуруу” колго алынган. Жеке ветеринардык адистер райондук ветеринардык башкармалыктар менен келишим түзүү шартында иштешет. Ошондой эле алар мал ээлери менен да келишим түзүп, акыркы жылдары жетиштүү тажрыйбага ээ болушту. Жеке ветеринардык адистерге кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктар да берилген. Бул ыкма менен ветеринардык иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу республикабыздын мамлекеттик бюджетин кыскартууга шарт түзүп жатканы баарыбызга белгилүү. Мамлекетибиздеги бул ыкмага коңшу Россия жана Казакстан Республикаларынан да адистер келип кызыгып жаткан учур.
Төрт түлүк мал мамлекетибизде жеке менчиктин колунда болгондуктан, киши бир уй багабы, 10 тоок багабы же көп сандагы кой-эчкинин ээсиби, аларды биз “бизнес” кылып иштейт, «бизнесмен» деп айтабыз да. Бирок учурда коомчулукта мал чарбасына аз акча бөлүнүп жатат деген пикирлер да айтылып калат. Мал чарбасынан башка чөйрөдө иштеп салык төлөгөн инсандардын төлөмдөрүнөн мал чарбасы менен алектенип бизнес жасап жаткандарга көп каражат бөлдүрүү да туура эмес болуп калат.
Бирок, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууга жана кээ бир өтө жугуштуу ылаңдарга каршы иш-чаралар бардык эле мамлекеттерде бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, аны эске алуу зарыл.
Мындан бир нече жыл мурда жаныбарлардын 22 ылаңына каршы күрөшүүгө чыгашалар мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылансын деген Өкмөттүн токтому болгон. Бирок өткөн мезгилдерде ал кабыл алынган токтом толук аткарылган жок. Учурда 6 ылаңга каршы вакциналар жана кээ бир дары-дармектер (алардын саны 3) мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатып алынат. “Ветеринария жөнүндө” мыйзамыбызда жогоркуларды сатып берилет жана аны колдонуу учурундагы кызмат акысы да төлөнөт деп жазылганына карабай, жер-жерлерде иштеген жеке ветеринардык адистерге “кызмат акысы” төлөнбөй жатат. Ал чыгашаны малдын ээсине оозеки гана жүктөшүп, анча-мынча кызмат акысын алышып жүргөнү баарыбызга белгилүү. Мындай иш уюштуруу менен мыйзамыбыздын талаптары бузулуп жатканын байкашыбыз керек. Ошондуктан көрсөтүлгөн кызмат акыны төлөп берүү маселесин да чечүү же мал ээси өзү төлөсүн же андай кезде мыйзамыбыздын ошол беренеси өзгөрүүсү керек болот.
— “Ветеринария жөнүндө” мыйзамда ветврачтын укугун коргоого жетиштүү шарт барбы?
— “Ветеринария жөнүндө” мыйзамыбызда жеке ветеринардык адистерге мамлекеттик ыйгарым укуктар берилет деп жазылган. Ал эми ветеринария жаатындагы коомдук уюмдарга да ошондой ыйгарым укуктарды берүү так каралбаган, ошондуктан андай иштер жасалбай жатат. Жеке ветеринардык уюмдарга адистердин биригип иштешине шарт түзүү максатында мыйзамыбызга өзгөртүү киргизилиши керек. Юридикалык уюм түзүп иштөөгө өтүү менен учурдагы ветеринардык объекттердин (ветеринардык аптекалардын, мал союлуучу пункттардын ж.б.) ишин да толук колго алууга болот деген ойдобуз. Учурдагы абал мындайларды уюштурганга жол бербейт. Жеке ветеринардык адистер юридикалык жактарга биригип биргелешип иштөөгө өтпөсө, жеке ветеринардык адистер кесиби боюнча иштеп, элге кызмат көрсөтүүдө жана аткарган ишине кызмат акысын алууда да көйгөйлөр жаралат. Бул маселелер да тез арада чечилүүгө тийиш.
“Ветеринария жөнүндө” мыйзамда параветеринарлар (ветфельдшерлер, зоотехниктер) ветеринардык врачтын жетекчилигинде (көзөмөлүндө) иштей турган адистер деп жазылган. Бирок, учурда алардын ветврачтарга байланышы жок эле иштегенге шарт түзүлүп калган. Алардын кесиптик дарамети жетишсиз, юридикалык жактан врач катары иштөөсүнө жол берилбеши керек. Ушундай шарт түзүлүп калгандыгынан улам учурда иштеп жаткан бул категориядагы адистер жогорку билим алгысы келбейт. Себеби, көрсөтүлгөн орто кесиптик билимдүү адистерди шыктандыруу маселелери коомчулукта жокко эсе.
Жеке ветеринардык адистер учурда райондук ветеринардык башкармалыктар менен жыл сайын келишим түзүп иштешет. Бирок, келишимдин долбоорун “Типтүү келишим” катары аткаруучуларга (жеке ветадистерге) борбордон жеткирилгендиктен, жеке ветеринардык адистердин укугу жана мүмкүнчүлүктөрү келишим түзгөндө эске алынбайт. Кээде жеке ветадистер түшүнбөй эле келишимге кол коюшат. Мындай учурда жеке ветеринардык адистердин укугу корголбой калат. Кээде сени менен келишим түзбөйм деп, жеке ветеринардык адистерди ветеринардык кызматтан алыстаткан жетекчилер да байкалат.
— Бардык жерлерде “Агроветаптека” көбөйүп кеткен учурлар бар, буларды бирөөлөр көзөмөлгө алабы?
— “Агроветаптека” деген уюмдарга да уруксат берүү шарттарын, алар жөнүндөгү Жобону кайрадан карап чыгуу керек. Мындай аталыштагы аптекалар Кыргызстанда эле бар экен, коңшу мамлекеттерде жок. Бизде да “Ветеринардык аптека” деген уюмду калыбына келтиришибиз керек. Андай аптекалар Ветеринардык клиникалардын курамында болуп, ветеринардык билими бар кызматкер тейлеши керек эле бизде мындай болбой жатат.
Бул багытты колго алуу үчүн “Ветеринардык препараттарды жүргүзүү жөнүндөгү” мыйзамын кайрадан толуктоо керек: аптеканын өзүнүн имараты, тиешелүү жабдуулары болууга тийиш. Ошондуктан дары-дармектердин кыймылына жооп бере турган уюмду тактоо жана анын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу зарыл.
— Сапаттуу вакциналар менен камсыздоо кандай жолго коюлган?
— Вакциналарды тандоо, алып келүү жана колдонуу боюнча да көйгөйлөр көп. Менимче, ал вакциналарды экиге бөлүп кароо керек: мамлекет камсыз кылууну өзүнө алган вакциналар жана коммерциялык вакциналар деп. Мисалы, республикада малдардын африкалык кыргыны, куштардын Ньюкасл ылаңы, пастереллез сыяктуу жугуштуу ылаңдарга каршы иш-чаралар дайыма жүрүп туруусу керек.
Биопрепараттардын (вакциналардын) сапатына жооп бере турган мамлекеттик көзөмөлдөө институту бизде жоюлуп кеткен. Учурда бул багытта иш жүргүзгөн жана жоопкерчиликти өзүнө алган мекеме жок. Жаныбарлардын өздүгүн тактоо (идентификациялоо) боюнча биздин көз караш да башкача. Ветеринардык адистер идентификациялоону жүргүзүүгө жооптуу болбошу керек эле. Учурда бул процессти уюштуруу жана финансылык эсеп-кысап жүргүзүү жагынан көйгөйлөр пайда болду. Айыл аймагындагы малдын кыймылын Айыл өкмөтү өзү жүргүзсө туура болмок. Айылда канча мал бар, алардын кыймылы кандай деген маалыматтар жергиликтүү бийликке биринчи кезекте керек. Ушул маселе туура эмес уюштурулуп жаткандыктан, айрым ветадистер кесибин таштап, иштебей койгон учурлар көп кездешет.
Орункул Сатыкулов