Вьетнамда Германияга 670 кг героин ташууга байланыштуу эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык О.У.Д. кармалды.
ИИМдин маалыматына караганда, кармоо Вьетнам укук коргоо органдары жана Интерпол менен биргелешкен операциянын алкагында жүргүзүлгөн.
Кылмыш иши 2019-жылы Германияда чыгыш таттуулар деп жашырылган героин партиясы кармалганда башталган. Тергөөдө героин Бишкектеги “Элит Шоко” фирмасына тиешелүү жүк катары жөнөтүлгөндүгү, ал эми О.У.Д. эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү экендиги аныкталды.

