"Эркин-Тоо"

ВИЧ борбору менен Коомдук саламаттыкты сактоо институтун бириктирүүгө каршы болгондор Акыйкатчыга кайрылышты

Бейтаптар ВИЧ борбору менен Коомдук саламаттыкты сактоо институтун бириктирүүгө каршы болуп КР Акыйкатчы институтуна кайрылышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

3-августта КР Акыйкатчы институтуна “ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкөдөгү тармагы” жана “Гепатит менен күрөшүү” коомдук уюмдарынын өкүлдөрү кайрылышкан. Алар Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна бириктирилишине байланыштуу каршылыктарын билдиришкен. Анткени бул ВИЧ жана гепатит менен жашаган жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келерин билдиришкен.

21-июлда аталган коомдук уюмдардын өкүлдөрү Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борборун Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна кошпоону талап кылып митингге чыгышкан.

Кийинчерээк, 27-июлда Саламаттык сактоо министрлиги бири-бирине кошулбай турганын маалымдаган.

Бирок ВИЧ жана гепатит менен ооруган адамдардын коомчулугунун өкүлдөрүнүн айтымында Саламаттык сактоо министрлиги эки мекемени бириктирүү жөнүндө буйрукту кайра артка кайтарган эмес.

Акыйкатчы институту КРнын Саламаттык сактоо министрлигине бул маселе боюнча расмий билдирме жөнөткөн.

11-августта Саламаттык сактоо министринин орун басары эки мекемени бириктирүү боюнча чечим өкмөттүн программасына ылайык кабыл алынганын билдирген.

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева Саламаттык сактоо министрлигинен ВИЧ жана гепатит оорусу менен жашаган кыргызстандык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууну талап кылды.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!