Бишкек шаарында аптаптуу ысыктан улам жолдо жүрүп бара жаткан унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тартип сакчыларынын айтымында, окуя Юнусалиев көчөсүндө Орто-Сай базарынын аймагында болгон.
«Саат 13.10дор чамасында Октябрь РИИБнин шаардык ИИБнын 3-бөлүмүнүн участкалык тескөөчүсү, милициянын капитаны Марат Мамыров кызматтык милдетин аткарып жатып жолдон унаа күйүп кеткенин көргөн. Ал дароо куткарууга жетип, өрттү өчүрүүгө жардам берген», — деп айтылат ШИИБдин маалыматында.