"Эркин-Тоо"

ВИДЕО — Унааны 240 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан 2 жаран каза болду

Кадамжай районунда (Ош-Баткен-Раззаков жолунун 161-чакырымы) жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кырсык кечээ, 19-январда саат 11:30 чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу катуу ылдамдыкта бара жатып рулду башкара албай, оор жол кырсыгына учураган.

Анын кесепетинен айдоочу жеринде көз жумуп, жанындагы жүргүнчүсү оор абалда ооруканадан жан берген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!