“Музаман” тобунун ырчысы Аксай Мукамбет уулу кыздары Даткайым жана Айданек менен «Сыймык» аттуу чыгарманы ырдап чыкты. Бул тууралуу толук маалымат алуу үчүн ырчы мырзага байланышканыбызда төмөндөгүлөргө токтолу:
“Сыймык” чыгармасынын музыкасы Турдубек Чокиевге ал эми сөзү Кыялбек Урманбектовго таандык. Буга чейин аталган ырды кыздарым менен жеке концертимде ырдап чыгып, эл абдан жакшы кабыл алган. Ырдаган ырыбыз жөн эле калып калбасын деген ниетте, студияга барып тарттырып койдук”, — дейт ал.