"Эркин-Тоо"

Вирус 781 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду

17-январга караган суткада Кыргызстанда коронавирус 781 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду.

Маалыматка ылайык:

Бишкек шаарында – 658, Ош шаарында – 11, Чүй облусунда – 48, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 6, Жалал-Абад облусунда – 14 жана Баткен облусунда 27 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 102 адам илдеттен сакайып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 190 миң 468 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 72 киши айыгып чыкса, 2 миң 833 бейтап каза болду.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!