"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти

Владимир Путин Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү өскөндүгүн айтты

Россия менен Кыргызстандын ортосунда өткөн жылы товар жүгүртүү 13,6%га өсүп, 4,1 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын январь-сентябрь айларынын аралыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода дагы 17%га өстү.

«Бардык төлөмдөрдүн болжол менен 97%ы улуттук валюталарда жүргүзүлөт. Биз өз ара эсептешүүлөрдү уюштуруунун жаңы жолдорун иштеп жатабыз. Россиянын инвестициясы да өсүп, дээрлик 2 млрд долларга жетти», — деди Путин.

Мындан сырткары Россиянын катышуусу менен 1700 ишкана Кыргызстанда иштеп жатат.

“Россиялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташууга жана өз капиталын кыргыз экономикасына салууга болгон бул ишеними сиздин аракеттериңизге жана ички саясаттын оң динамикасына байланыштуу экенин белгилегим келет”, — деп билдирди Россиянын мамлекет башчысы.