Орусиянын президенттик шайлоосундагы протоколдун 99,01 пайызы иштелип чыкты. Бул тууралуу РФтин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка караганда, Владимир Путин алдыда бара жатат. Ал шайлоочулардын 87,33 пайыз добушуна ээ болгон.
Эске салсак, Орусияда президенттик шайлоодо добуш берүү аяктады. Учурдагы 87 пайыз — бул Орусиянын тарыхындагы президенттик шайлоодогу рекорддук көрсөткүч.

