"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Xiaomi жаңы чыгарган электр унаасы үчүн 3 мүнөттө 200 миңден ашык буйрутма алды

Смартфондору менен белгилүү болгон Кытайдын Xiaomi компаниясы өзүнүн жаңы YU7 аттуу электрдик унаасын чыгарды. Бул аталган компания чыгарган экинчи унаа болуп саналат.

Компаниянын айтымында, жаңы модель технологиялык жетишкендиктер менен гана эмес, баасы менен да атаандаш боло алат. Алсак Tesla Model Y үлгүсүнө салыштырмалуу сатыкка арзан баада чыкты.

Сатуунун алгачкы мүнөттөрүндө эле 200 миңден ашуун буйрутманын түшүшү бул унаага болгон кызыгуунун жогору экенин көрсөтөт. Xiaomi жакынкы бир нече жылда электр унаа базарында күчтүү атаандашка айланууну көздөп жатат.