"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Якутияда учак авариялык конуу жасады

Бүгүн, 30-июнда, “Сибирь” авиакомпаниясына таандык Нерюнгри – Москва багытындагы жүргүнчү учагы техникалык мүчүлүштүктөн улам Якутиянын Нерюнгри (Чульман) аэропортуна авариялык түрдө кайра конду. Бул тууралуу Ыраакы Чыгыш транспорттук прокуратурасы өзүнүн телеграм-каналында маалымдады.

Экипаж абага көтөрүлгөндөн кийин кыска убакыттын ичинде мүчүлүштүктү байкап, учакты кайрадан кондуруу чечимин кабыл алган. Учак аман-эсен келип конгон.

Бортто 152 чоң киши жана 11 бала болгон. Эч ким жабыркаган эмес жана учак да зыян тарткан эмес.

«Аэропорт кызматтары абалды ыкчам жана үзгүлтүксүз башкара алышты. Окуя боюнча учурда Нерюнгри транспорттук прокуратурасы алдын ала иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле жүргүнчүлөрдүн укуктарынын сакталышы жана милдеттүү тейлөөнүн камсыздалышы көзөмөлгө алынган», – деп билдирди транспорттук прокуратура.