"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Якутиялык ырчы “Эркин-тоо” гезитине өз эне тилинде обон созду – ВИДЕО

Бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жаткан “Мейкин Азия” эл аралык музыка фестивалынын алкагында Якутиянын атынан келген жаш ырчы Кирилл Матвеев “Эркин-Тоо” гезитине өз эне тилинде ырдап берди.

27 жаштагы ырчы эл аралык деңгээлдеги бул фестивалга алгачкы жолу катышып жатканын белгилеп, толкундануусун жашырган жок.

“Мен азыр аябай толкунданып турам. Анткени эл аралык фестивалга биринчи жолу катышып жатам. Мындай сезимдерди сүрөттөп берүү кыйын,” — деди Матвеев.

Фестивалдын жүрүшүндө ал өз элинин маданиятын жана тилин даңазалап, сахнада якут тилиндеги ырын аткарат.

Белгилей кетсек, быйылкы “Мейкин Азия” фестивалына Азиянын ар кайсы бурчунан келген белгилүү ырчылар жана өнөрпоздор чогулган. Иш-чаранын негизги максаты — маданияттар аралык байланышты чыңдап, чыгармачыл ынтымакты бекемдөө.