Бүгүн “Яндекс.Такси” кызматынын айдоочулары аталган компаниянын Бишкектеги кеңсесинин алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар “Яндекс.Такси” 21% комиссия алып жатканын, бул коңшу Казакстанга салыштырмалуу үч эсе көп экенин айтып, ар бир чакыруудан алынчу комиссияны 7%га түшүрүүнү талап кылышты. Акцияга чыккандарга компаниянын атынан эч ким жооп берген жок.
Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 29-ноябрда ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргүзгөн.
Анда ишкана жана анын өнөктөштөрү Монополияны жөнгө салуу кызматы бир нече жолу чара көргөңүнө карабай, такси менен алектенген айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышканы белгиленген.