"Эркин-Тоо"

Январь-май айларында Кыргызстанга 651 миңден ашык өзбекстан жараны келген

2023-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга Өзбекстандын 650,7 миң жараны келген. Бул тууралуу Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттиги билдирди.

Ошондой эле 2023-жылдын январь-май айларында өзбекстандыктар эң көп барган алдыңкы 10 өлкөнүн катарына Тажикстан (422,0 миң адам), Казакстан (255,7 миң), Россия (65,1 миң), БАЭ (59 миң), Түркия (52,7 миң), Сауд Арабиясы (24,4 миң), Кувейт (20,7 миң), Египет (9,1 миң) жана Азербайжан (8,3 миң адам) кирген.

Мекеменин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын башынан бери Өзбекстандын 1 млн 600 миң жараны туристтик максатта чет өлкөгө чыгып келген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!