"Эркин-Тоо"

Япония Кыргызстандагы 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдууларды берет

Япония Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапканага заманбап медициналык жабдууларды берет. Бул тууралуу КР ЖКнын расмий сайтында айтылды.

Билдирүүгө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров Э. Акрамов атындагы Чүй облустук бириктирилген ооруканасында болуп, бейтапкананын техникалык абалы менен таанышты.

Депутат аталган мекемеде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки жана Япониядан келген медициналык консультанттар менен жолугушуу өткөрдү. Анда буга чейин кол коюлган меморандумдун алкагында 7,5 млн долларга саламаттык сактоо тармагына заманбап диагностикалык жабдууларды гранттык негизде берүү тууралуу сөз болду. Маалым болгондой, Япониядан келген адистер Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 10 бейтапкананы кыдырып, зарыл болгон медициналык жабдуулардын тизмесин түзүп чыгышкан. Заманбап жабдуулар толугу менен 2024-жылдын аягы, 2025-жылдын башында келиши күтүлүүдө.