Японияда Moderna вакцинасынан дат баспаган темирдин кошулмасы табылды. Бул тууралууу Киодо агенттиги билдирди.
Япониянын Саламаттык сактоо министрлиги Takeda Pharmaceutical компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктарын жарыялап, аталган вакцинадан дат баспаган темирдин майдаланган кошулмасы табылгандыгын билдирди. Эксперттер темирдин кошулмасы вакцинаны өндүрүү учурунда станокторду туура эмес орнотуу жана иштетүүдөн улам келип чыгышы мүмкүн, — деген божомолдорду келтиришти.
Белгилей кетсек, август айында вакциналардан темирдин кошулмалар табылгандыгы айтылган болчу. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги аталган вакцина менен эмдөөнү токтотуу чечимин дароо кабыл алып, жалпы 1,63 миллион дозаны колдонуудан алып салган. Маалыматка ылайык, аталган вакцина 889 борборго жеткирилсе, анын ичинен 55де жарандарга колдонулган. Вакцинанын кесепетинен 30 жана 38 жаштагы эки эркек каза болгондугу айтылат.
Ошондой эле вакцинадан чыккан темир кошулмалары Гумма жана Окинава префектураларынан чыккандыгы да белгилүү болду. Кечээ, 1-сентябрда, Канагава префектурасында дагы ушул сыңарындай вакциналар табылган. Темир кошулмасы бар вакциналардын лоту менен жалпы 25 миң адам эмделген. Учурда өлкөдө Moderna препараты менен эмдөө токтотулду.