"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Японияга барган туристтердин саны болуп көрбөгөндөй өстү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында Японияга келген чет элдик туристтердин саны рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги Япониянын  Kyodo News агенттигине шилтеме берип маалымдады.

Расмий маалыматка ылайык, январь-июнь айларында өлкөгө 21,5 миллион турист келген. Бул былтыркы жылдагы ушул мезгилде катталган 17,78 миллион туристтен дагы жана мурдагы эң жогорку көрсөткүчтөрдөн дагы жогору болуп саналат.

Июнь айында эле 3 миллион 380 миң чет элдик турист катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 7,6% өсүштү көрсөтөт.

Туристтердин басымдуу бөлүгү Түштүк Корея жана Кытайдан барган.