Диний агартуу ишин жүргүзөт деген максатта түзүлгөн “Ыйман” фондунда “ыймансыз” иштер болуп кеткени коомчулукту катуу сестентти. Анткени, айтканга оңой болгону менен суммасы асман чапчыган каражат, тактап айтсак, 5 миллион доллардан ашык акча кумга сиңген суудай ың-жыңсыз жоголгон. Мындай көрүнүш жумурай журтту абдан кабатыр кылып, жакасын карматууда. Иликтеген аудиттин маалыматына карасак, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 миллион 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын көпчүлүк бөлүгүн, дээрлик 5 милиион долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү үчүн которгон. Мындан тышкары, 2014–2018-жылдары фонддун эсеби 24 миллион 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны бир канча фонд, жеке жактар которуп бергени белгиленген. Кызыгы, аудит учурунда бул каражаттар кандай максатта которулгандыгын тастыктаган документтер жок болуп чыккан. Мына ушунун өзү эле өтө шектүү жагдайды жаратканын белгилеп коюшубуз керек. Анткени, азыркы ааламдашуу доорунда өзүнүн түпкү ниетин айтпастан дин фанаттарын, экстремисттердин катарын калыңдатуу үчүн иштеген уюм, фонддор толтура. Алардын аралашпаганына эч ким кепилдик бере албайт. Ал эми иш жүзүндө ошол жылдары диний билим берүү иретке келтирилген жок, ошол эле маалда дин фанаттары менен экстремисттик агымдардын саны арбыганы чын. Азыр ошол учурда себилген үрөндүн жемиши менен күрөш жүрүп жатат.
Жалпыбыз күбө болгондой УКМК акыркы учурда дин жаатын тартипке келтирүүгө белсенип киришти, мыйзамсыз медреселер, мечиттер тынбай жабылып жатат. Экстремисттик агымга киргендердин бир канчасы камалды, айрымдары тескери идеологиядан баш тартууда. Ошол иштердин фонунда “Ыйман” фонду улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген уюм катары шек жаратып, текшерүүгө алынган. Буга чейин коомчулукта дагы “Ыйман” фонду боюнча түрдүү кептер айтылып, тескери идеология таратып жаткан жокпу деген кооптонуулар болгон. Мына ушулардан улам УКМК мыйзам алкагында Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматына кайрылып, алар “Ыйман” фондунун ишмердүүлүгүн текшерип чыгышкан. Ички аудит текшергенде “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары иликтөөгө алынган 5 миллион 104 миң 524 доллардын, 2014–2018-жылдары толукталган 24 миллион 866 миң 512 сомдун бухгалтердик отчету табылган эмес. Мындан улам “Ыйман” фондунун ишмердигине толук кандуу аудит жүргүзүүгө болбойт деген тыянакка келип, бул көрүнүш Кыргызстандын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына каршы келерин белгилешкен. Таң калыштуусу, аудиттин бүтүмүндө мурдагы бухгалтерден башка дагы мурдагы жетекчилердин, кызматкерлердин ысымы аталган эмес. Бул эми ачыгын айтканда көз көрүнөө эле жемкорлук болгонун тастыктап тургандай таасир жаратууда. Ошончо каражат боюнча отчет жазбай, жетекчилердин ысымын белгилебей койгону – ачык эле коррупция жыттанып турат.
Өкүнүчтүүсү, баштапкы келишим боюнча Түркиядан экинчи транш менен дагы 5 миллион доллар жардам алуу планы болгонун, бирок алгач алынган 5 миллион боюнча отчет берилбей калгандыктан, иш токтоп калганын Фонддун азыркы жетекчиси Жанузак Туран уулу белгиледи. Бул жерде биринчиден, жемкорлордун айынан 5 миллион доллардан куружалак калыппыз. Экинчиси, жемкорлукка малынган бул кыңыр иш эки өлкөнүн ортосундагы алакакатышка таасирин тийгиздиби? Баарыбыз билебиз, Атамбаевдин учурунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамиле салкындап кеткен. Анын бир себеби ушул болушу толук мүмкүн. Кандай болгон күндө дагы отчеттун берилбей калганы өтө осол иш болгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Ага кылмышжаза кодексинин 171-беренесинин («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу») 4-бөлүгүнүн 1-2-пункту («өзгөчө ири өлчөмдө кызмат абалын пайдалануу») менен айып тагылды. Албетте бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, миллиондогон каражаттын отчету жок болсо, каякка кеткени белгисиз болсо, сөзсүз жоопкерчилик каралышы керек. Бирок, маселе эсепчиде эмес, анын жетекчилеринде. “Казан менен ичкендер кутулуп, кашык жалагандар” жазага тартылып кетпеши керек. Жалгыз эсепчи жеди деген туура болбойт.
Ушул өңүт менен кыңыр ишти ары карай сыдырсак, “Ыйман” фондун 2015-жылдан 2019-жылга чейин депутат Нуржигит Кадырбеков башкарган. Өзүн сылык, сыпаа көрсөткөн Кадырбеков азыр өзүнүн сүттөн таза экенин айтып, баарын Атамбаевге оодара салганга аракеттенүүдө. Жергиликтүү маалымат каражаттарына “Ыйман” фонду мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин убагында түзүлгөнүн, каражатты да өзү таап келгенин айтып: “Эсепчинин камалганы абдан өкүнүчтүү. Ал президент өзү дайындап берген кызматкер эле. Ал айым түшкө чейин “Ыйман” фондунда, андан кийин президенттин кабылдамасында иштечү. Мындайча айтканда, ар бир тыйын боюнча президентке маалымат берилип турган” деп баарын экс-президент чечкендей айтууда. Өзү аткаруучу гана болуп отургандай көрүнүүгө аракет кылууда.
Акыркы учурда мамлекетке кыянаттык кылгандар ким экендигине карабай жазалана баштады, бул коомчулук тарабынан катуу колдоого алынып жатканы чын. Мамлекетти титиреткен жемкор чиновниги да, өлкөнү чеңгелдеп алган кылмышкер уурусу да өз жазасын алып жатат. Мунун баары алкоого татый турган иш. Өзү чындыгында ушундай болуш керек, мамлекет алдында ким болбосун жооп бериши керек. “Ыйман” фондунда 5 миллион 104 миң доллардын, 24 миллион 866 миң сомдун жиги билинбей жолголгону, бухгалтердик отчету жок экени ачыкка чыкты. Бул иш аягына чыгып, сол чөнтөккө солонгон каражат кайтарылышы кажет. Албетте, кээ бирөө мамлекеттин каражаты эмес деп чыгышы мүмкүн, анда Түркия менен болгон алакага көлөкө түшөт. Алар каражатты мамлекет үчүн берген, Кадырбековго окшогондордун кадыры үчүн которушкан эмес. Тактап айтканда, ал элдин каражаты болгон. Эгер ошол каражаттын отчету берилсе, дагы 5 миллион доллар келмек экен, аны алсак, өлкөнүн пайдасы үчүн жумшалмак. Кыскасын айтканда, мамлекеттин казынасынан гана эмес – эл үчүн сырттан келген каражатты мойсоп кеткендер дагы жемкор. Жемкорлор мыйзам чегинде жазасын алууга тийиш.
Зулпукаар САПАНОВ