Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ынтымак” жана “Ак-Кула” көмөк чордондору пайдаланууга берилди.Энергетика министрлигинен билдиришкендей, “Ак-Кула” жогорку чыӊалуудагы көмөк чордону эски ат майданынын районунда курулуп, Жал, Жумушчулар шаарчасында жана ат майдандын аймагында жайгашкан керектөөчүлөрдү жана жаӊы салынып жаткан ипотекалык үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздайт. Ал эми “Ынтымак” подстанциясы Орто-Сай айылын жана жакын жайгашкан жаӊы конуштарды электр энергиясы менен камсыз кылат.