"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

YouTube сервисинде дүйнө жүзү боюнча үзгүлтүктөр катталды

Дүйнө жүзүнүн ар кайсы булуң-бурчундагы колдонуучулар YouTube платформасында техникалык мүчүлүштүктөргө туш болуп жатышканын кабарлашууда. Бул тууралуу РИА Новости Downdetector порталына таянып билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-октябрда популярдуу видеохостинг кызматы иштен чыгып, колдонуучулар видеолорду көрүүдө жана жүктөөдө кыйынчылыктарга дуушар болушкан. АКШда даттануулардын саны 268 миңге жетсе, Улуу Британияда – 62 миң, ал эми Японияда 19 миңден ашык даттануулар катталган.

YouTube – дүйнөдөгү эң ири видеохостинг платформаларынын бири болуп эсептелет. Аталган сервис аркылуу колдонуучулар видеолорду жүктөп, көрүп жана пикир калтыра алышат.

Азырынча платформанын расмий өкүлдөрү үзгүлтүк себеби боюнча расмий билдирүү тарата элек.