"Эркин-Тоо"

ЫР МЕНЕН ЖАЗЫЛГАН СӨЗДҮК

Акын Кубанычбек Басылбеков котормо жаатында да ийгиликтүү иштеп келе жатат. Ал өткөн кылымдарда жашаган атактуу чыгыш классиктери Абулкасим Фирдоуси, Омар Хайем, Муслихиддин Саади, Убайд Закони, Саидо Насафи ж.б. акындардын ырларын кыргызчага которуп, окурман журтуна тартуулады. Акын айрыкча өзбек акындарынын “туюк ырларын” которуп, кийинчерээк өзү да шыктанып “сырдуу саптарды” жазып китеп кылып чыгарды. Эми болсо жалаң ыр менен “Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгүн” түзүп олтурат.

— Кубанычбек ага, “Кыргыз тилинин омонимдер сөздүгү” деген китебиңиз жаңы эле жарык көрдү. Адатта сөздүктү тилчи окумуштуулар түзөт эмеспи. Сөздүктү ыр түрүндө кантип жаздыңыз?

— Былтыр “Туюктар” (Сырдуу саптар) деген китебим жарык көргөн. “Туюктарды” кыргыз акындары жазган эмес. Аны өткөн кылымдарда Чыгыш акындары, айрыкча өзбек акындары жазышкан. Анда бир эле сөздүн ар башка маанисин туюндурган чыгарма жазылат. Тил илиминде аны “омонимдер” деп атап коет.

— Сиздин омонимдер сөздүгүңүз башка тилчи окумуштуулар түзгөн сөздүктөн эмнеси менен айырмаланат?

— Окумуштуулар сөздүктү түзгөндө тек гана кара сөз менен түшүндүрмөсүн берет. Кээ бир омоним сөздөрдүн ондон ашуун маанисин таап чыктым. Мисалы “Жаз” деген сөздү алалы. Аны тилчилер “Жаз” бул табияттын бир мезгили”деп гана жазышат. Бул сөздү терең иликтеп келсек төрт-беш мааниси бар. Мен ыр түрүндө ачып берүүгө аракет кылдым. Мисалы:

Торгой сайрап, жер көгөрүп келди–жаз,
Аны тосуп, ага арнап ырды–жаз.
Жаштык барда жетип анын баркына,
Гүлдөй жайнап, ойноп-күлүп черди жаз!

Курт-кумурска, айбанаттар, куштар да,
Көрүшпөсө, көрүшүүгө куштар да.
Адам гана сүйөт десе жарабас,
Сүйүү кантип болбой койсун куштарда.

Күлүк болсо алдыңдагы минген ат,
Кууп жетип карышкырды жазбай ат.
Мергендикте чебердикти көрсөтсөң,
Эл оозунда кала берет–өчпөс ат!

Ишине мыктылардын суктан, ашык,
Баалашса алар сени болбойт ашык.
Тең сүйүп өлгөндүктөн бирин-бири,
Тарыхта өлбөй жашайт эки ашык.

Ыр менен иштеп чыкканда мааниси да тереңирээк, окуучуларга жеткиликтүү, түшүнүктүрөөк болот. Биздин жердешибиз, улуу акын Махмуд Кашкари деле убагында “Оозеки жана жалпы түрк элдеринин сөздүгүн” 1077-жылдары жазган эмеспи. Мен дагы “А” тамгасынан тартып “Я” арибине чейин толук жазып чыктым. Менимче, кыргыз адабиятында мага чейин эч ким ыр менен сөздүк жазган эмес.

— Тилчи окумуштуулар сиздин бул эмгегиңизди кандай кабыл алышы мүмкүн?

— Менимче, туура эле кабыл алат болуш керек. Бул жаңылык болуп жатпайбы.

Филология илимдеринин доктору Лайли ҮКҮБАЕВА:

— Кыргыз поэзиясынын буга чейинки, дегеле оозеки поэзия, акындар поэзиясынан азыркы учурдагы поэзияга чейин кездешпеген, нары кызыктуу, нары суктанарлык ыр түрмөктөрүнө кез келип, Кубанычбек Басылбековдун ыр жаратуу өнөрүндөгү жаңы чыйырына тан берүүгө аргасыз болобуз. Ал саптар чындыгында да кандайынан окубагын курулушу жана катылган ой түрмөгүнүн сырдуулугу менен даярдыксыз окуучунун сезимин бир дүрт эттирип, таң калтырбай койбойт. Изденүүдөн талыкпаган Кубанычбек Басылбеков азыр да жаны жай албай дагы бир жаңы ишин баштаптыр. Ал “кыргыз тилинин терең мазмундуу” ийкемдүү, түрк тилдеринин ичинен өтө бай экенин далилдеп, даңазалоосун улантып” эми ыр менен омоним сөздүгүн түзүүнү алдына максат кылган экен. Акындын бул аракети анын бир гана учурда кыргыз поэзиясын түрдүк, көркөм-эстетикалык жактан гана байытпастан, лингвистика илиминин өнүгүшүнө, мектептерде, ЖОЖдордо омонимдин табиятын окутуп, анын полисемиядан болгон айырмачылыктарын үйрөтүүдө чоң практикалык мааниге ээ болот деген ишенимдемин.

Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ
№3 «Эркин-Тооо» гезити
2023-жылдын 17-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!