"Эркин-Тоо"

ЫРГА КОШТОЛГОН ЫРЫСТУУ ӨМҮР

Аткаруучулук чеберчилиги,  келбет-турпатынын көркөмдүүлүгү, репертуарынын көп түрдүүлүгү, булактай шыӊгыр үнү менен жаштыгында да, азыр да күйөрмандарынын сый-урматына ээ болгон кыргыздын белгилүү ырчы кызы, КРнын Эмгек сиңирген эл артисти Анапия Райымбекова  ырчылык менен гана чектелбесен мукамдуу обондордун ээси. Бул ирет биз Анапия Райымбекова менен чыгармачылыктын чыйыр жолунда өткөргөн өмүрү тууралуу кеңири маек курдук.                               

БАЛАЛЫКТЫН АСМАНЫ

Чыгармачылык дээр-дараметтин булак-башаты болгон ырчынын балалык күндөрү Токтогулдун Өзгөрүш айылында айтылуу Көл-Төрдү, Чоң-Төрдү ээлеген асманы ачык, суусу тунук жайлоодо, тоо коюнунда өткөн. “ Балалыктын дүйнөсү сыйкырдуу жомоктой” деп баалаган ырчы ал күндөрү тууралуу өзгөчө бир эргүү менен баяндайт. “Балалыктын көзү бул жашоону өтө кооз, кызыл-тазыл, сулуу боюнча көрөт окшобойбу. Ичкен сууңдун даамы да балалыкта бал татып турат эмеспи. Балалыктагы ишенчээктигиң өзү жашоону жомокко окшоштуруп коет экен” дейт ырчы. Жаз келген сайын байкеси менен жеңесин ээрчип жайлоодо көп жүргөн ырчы ар бир чөптүн түрү менен сүйлөшүп, гүлдөргө сонуркап, чөптөрдүн табиятын изилдеп чоңоет. Тестиер кызга таң эрте мененки тоо башынан көтөрүлгөн күндүн чыгышын аваз кылып, шар аккан суунун агымын тиктеп олтуруу өзгөчө жагар эле. Эс тутумунда жаратылышты таанып, жан дүйнөсү менен кабылдап алган ошондогу беш көкүл кыз, азыркы күндүн белгилүү ырчысы ушу бүгүн да кез-кезде балалыкка кайткысы келип куса болгон күндөрү болот. Балалык түшүнө кирет. Жай толукшуган кездерде тээ бийик тоо боорунан кийиктердин чубаганына аваз кылган күндөрүн сагынат. Оңой менен адам баласынын көзүнө көрүнө бербеген, ошондон улам “ Улуу тоого чыккан барбы, улар үнүн уккан барбы” деп бабаларыбыз сөз кылган сейрек кездешчү улар, илбесиндер Көл-Төрдү мекендеп, жээгинен дуу эте канат сермеп учуп өтүшчү. Мына ушунун баары балалыгын эстегенде кинотасмадай көз алдында чубурат.

КЫРДА ӨСКӨН КЫЗЫЛ ГҮЛДӨЙ ЖАШТЫГЫМ

Жаштыктын кайталангыс асыл күндөрүн чоң сахна менен , чыгармачылык түйшүк менен эриш-аркак өткөрдү. Кызыл гүлдөй кулпуруп, чоң сахнанын көркүн ачып, жылдызы жанган күндөрүнүн ар бири эсинде. Унутууга мүмкүн болбогон жаркын, жакшы күндөрү 1986-жылдардан башталып, 96- жылдарга чейин сахнада жылдызы жанды. Ал учурда ырчынын ыры атайын пластинкага жазылып чыкканы ырчылар үчүн чоң аброй алып келчү. Айыл-шаарларда бирдей жаңырган өз ырларын угуу, күйөрмандарынын айткан жылуу сөздөрү жаңыдан жаркып келе жаткан ырчы кыздын талантына дем берип турар эле. “Жаркырап турган кызсың” дешчү алар.  “Белим бир тутам болуп, атайын костюмерлер тарабынан мага арналып тигилген кыпкызыл көйнөгүм, ага шайкеш тигилген кичинекей кара чыптамам бар эле. Бул менин ырчы катары чон сахнага алгач кийип чыккан формам болгон. Кийин менден кийинки чыккан ырчылар ырым кылып сурап кийип жүрүштү. Негизи кыргыздын улуттук кийимине эч бир улуттун кийими жетпейт. Жаштык кезде кышында гастролго кетип, малчыларга барып концерт койчубуз. Суусамырдын суугу ай! Мен суукка карабай капрон калготки, көйнөк менен үшүбөйм деп чыгып алганым эсимде. Улуу-улуу залкар ага-эжелер менен иштешип калдым, аларды ээрчип жүрө берчүмүн. Сахнага жаңы чыкканда Улукмырза Полотов, Эрмек Мойдунов, Анарбек Ибраев, Тамара Исабекова, Майрам Дүйшекеева, Гүлмайрам Момушова, Самара Токтакунова деген залкарлар менен бирге иштедик. Бул да менин бакытым деп ойлойм. Ошолорду көрүп өстүм. Айтылуу устат Улукмырза Полотовдун алгачкы шакирттеринин бир болгонум үчүн да сыймыктанам”дейт ырчы. Ал кезде Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин жетекчиси Төлөгөн Томотоев деген агай эле. Устатым Улукмырза Полотов агай “Бизде бир мыкты ырчы кызыбыз бар, оркестрге үнү абдан жакшы туура келет” деп мени сунуштап, ошол жердеги филармониянын көркөм кеңешинин  сынынан өтүп, оркестр ырчысы болуп калуум буюрган. 1986-жылы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине солист болуп кабыл алынып, биринчи жолу ырдап чыккам. Ал убакта жаштыктын деми менен эмгектенип, азыркы мезгилде артыма кылчайып карасам, чыгармачылыгымдын дүркүрөп өсүп аткан убагымды эстейм. Чарчоону билбей иштеген экем деп калам» деп эскерет ырчы айым.

ОБОНДУН КАСИЕТИ

1996-жылдан баштап негедир обон кайрыктары эргүү коштоп келе баштаган. Обон келе баштаганда сөзсүз ага жакшы сөз издейсиң. Адам табияты негизинен сагынычка жакын болот тура. Өзгөчө кыз бала дайыма туулуп-өскөн айылын, үйүн, анда калган жакындарын көп сагынат экен. Ырчынын алгачкы эки обону айылына арналып чыккан. Алардын бири “Туулган жердин таасири” аттуу Надырбек Алымбековдун калемине таандык обондуу ыры. Андан кийинки жылдарда ырчынын элге кеңири тараган “ Айтпаңыз антип, жүрөгүм ооруйт дебеңиз” аттуу ырынын обону жаралды. Ал ыр кыргыз ырларынын ичинен өзүнүн түбөлүктүү ордун таап, муун алмашып, ырчылар жаңырган сайын улам бир ырчы айымдын репертуарын жаңылап сахнада жаңырып келе жаткан ырга айланды.

Башкалардын ырын аткарып аткан учур болобу же ырчынын өзү чыгарган обондуу ырларын аткарып жаткан учуру болобу, ырдын касиети, обондун касиети ырчыны укмуштуудай бир бийик дүйнөгө жетелеп алып чыгып кетет. “Ырдап жаткан учур – бул таптакыр башкача абал. Обондун сыйкырдуу кайрыктары жүрөгүңдү жашартып, тазартып бир башкача экстаз абалга жетелеп кирип кетет” дейт ырчы. Кайсы ырды аткарбасын ошол ырдын ичиндеги тагдырда жашай билбесе, образга кирбесе анда ырчы үчүн угарман топтоо оор иш. Позитивдик маанайдагы же лирикалык маанайдагы ыр болсо да угарман ошол ырдын ичинен өз жашоосунун бир үзүмүн, өз тагдырынын бир келкисин көрмөйүн, чыгарманын ичинен өзүн тапмайынча ырчыга күйөрман болуп бербейт. Ошон үчүн ырчы өз ырын анда жашап аткарат. Жан дилин арнап аткарат.

“ҮЧ ТЕРЕКТИН ҮЧ КЫЗЫ”

Атасы Кадыркул чыгармачылыкка жакын, ыр жандуу, жамактап ырдап эл-журтуна таанымал киши болгон. Ал эми апасы сулуулугу, колунан көөрү төгүлгөн уздугу, эстүүлүгү менен эл-журттун оозуна алынган аял эле деп эскерет ырчы. Борбор калаага келип ырчылыкка кадам койгон жылдарында айылда калган эки синдиси тең эжесинин жолун жолдоп ырчы болобуз деп чыгышат. “Экөөнү тең өзүм жетелеп, устаттарга, мугалимдерге тааныштырып, дайыма бир туугандык, улуулук жоопкерчилик менен колдоп жүрүп, кийин экөө тең кыргыздын белдүү ырчыларынан болуп чыгышты. Эки сиңдим менен бирдей сыймыктанам. Алар азыр менин колдоочуларым да, коштоочуларым дагы. Кайсы ишти баштабайлы бири-бирибизди колдон алып, жардамдашып, кеңешип чыгармачылыктын чыйыр жолунда эриш-аркак келе жатабыз. Алар менин досум, сырдашым. Ойлоп көрсөм биз үчөөбүз ээрчишип дайыма чогуу келе жаткандыктан, менде доско, курбу-курдаштарга ашкере муктаждык деле болбоптур. Жаратканга миң мертебе ыраазылык билдирем, ушундай сиңдилерим бар үчүн” деп чын дилинен сүйүнөт ырчы. Айта кетсек, 2000-жылдардын айланасында “Үч теректин үч кызы” – Анапия Райымбекова, Дилбар Райымбекова, Лира Райымбековалардын үнү менен жаңырган ”Кыргызстан обондору” аттуу ыр теле-радиолордон байма-бай жаңырып, угармандардын калың катмарына сүймөнчүк ырга айланды. Дилбар Райымбекованын керемет үнү, суйсалган сулуулугу теле көрүүчүлөрдү өзүнө арбап алса, Лира Райымбекова сахнадагы тетиктиги, чыйрактыгы, комуздун кылы менен кыл болуп дирилдеп чыгармачылыкка бүткүл дитин арнап койгону анын чыгармачыл бейнесин жаркытып турат.

ЫРЧЫЛЫКТЫН БЕЛЕСИНДЕ

Ушул жылды кошкондо Анапия Райымбекованын Филармонияда иштегенине 40 жылга карады. Кыргыздын “Дарак бир жерден көгөрөт” деген сөзүн эш кылып жаштыгынан бери бир жерде эмгектенип, бир жерде иштеп келе жатат. Эмгегинин акыбети кайтып 2017-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти наамы Эгемендүүлүк күнүнүн алдында ыйгарылды. “Кандай наам алсам да ошого таптаза ак эмгегим менен, маңдай терим менен жетип келе жатам деп кесе эле айта алам. Анткени азыр наамды татыктуусу деле, татыксызы деле алып калып жатышат. Кээ бирөөлөр бир эле ыры үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан убагында. Биз болсо канчалаган жакшы чыгармаларды ырдап жүрөбүз. Элге угумдуу «Жаша Кыргызстан», «Кыргызстан обондору», «Мен кыргызмын» аттуу ырларды элдин жүрөгүнө жеткире ырдаганыбыз үчүн эл угуп, баалап жүрөт. Сыйлыкка чындап татыктуу болуп, анан алсан ошол сага жугуштуу болот экен. Жарашат экен” дейт ырчы. Учурда ырчынын репертуары Апас Жайнаковдун «Булакта» аттуу ыры жана улуу тоо «Шамшы Калга» арналган жаңы чыккан ыры жана башка көптөгөн ырлар менен толукталып, клиптер тартылган.

АЙТПАҢЫЗ АНТИП, ЖҮРӨГҮМ ООРУЙТ ДЕБЕҢИЗ… 

Атпай кыргыз журтчулугуна таанымал болгон бул ырдын жаралуу тарыхын ырчы ошол жаш кезиндеги сүйүү, сагыныч сезимдерине байланыштуу чыкса керек дейт. Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театрдын режиссеру Алмаз Сарлыкбеков агай менен таанышып баш кошуп, жети жыл чогуу жашап, чыгармачыл адамдан көптү үйрөнөт. “Алмазга болгон кусалыгымдын оту дале өчө элек. Жаныӊ денеӊден бөлүнмөйүн кусалыктын азабынан кутула албайт экенсиң, өмүрдүн бактылуу ирмемдерин Алмаз менен жашап жүргөнүмдө сезип, жан дүйнө бейпилдиги коштогон жакшы күндөрдү кечирдик. Жети жыл жашасак да, ал таалайлуу учурлар мага жети күндөй эле сезилип калды. Көрсө, жалаң жакшылык ыроологон жылдарың, кылымга тете бир күнчөлүк болот тура” деп эскерет.  Жантүгөйүнөн эрте айрылган жалгыздыктын азабы тууралуу суроо узатканыбызда эже: “ Чыгармачыл жашоо дүйнөм бар, балдарым маңдайымда, неберелерим кашымда, мындан башка  бакыт барбы?” деп учурдагы өмүр-тагдырына чын дилинен ыраазы экенин билдирди.

ДҮЙНӨ ТААНЫМ…

Ата-энем ырга жакын болуп, анын үстүнө ал кезде заман атеисттик заман болсо да биздин үйдө ата-энебиз салттуу мусулман динин тутуп жашашкан. Ошону менен бирге кыргыздын кылымдардан келе жаткан каада-салтын кастарлап, айтор адам турмушунда карманчу ыйык нерселердин баарын көрүп-билип, табийгый түрдө тарбияланып өстүк. Коом менен бирге өнүгүп келе жатабыз. Кыргыздын каада-салтынын ар биринин өзүнүн таалим-тарбиялык мааниси бар, учурда кыз узатуу тойлорунда ырдалган ырлар деле өз мезгилинде ошол кызга кандайдыр бир жакшы таасирин берет. Элибизди жаратканым каада-салты, ар-намысы менен биргеликте колдосун. Ар тараптан агылып кирип жаткан түрдүү агымдарга жаштарыбыз алданбасын, кыргыздын мекенчил кызы катарында коомдогу болуп жаткан ар түрдүү өзгөрүүлөр мени да кээде тынчсыздандырат, кээде кубандырат. Элибизде бейпилдик болсун деп сөзүн аяктады ырчы айым.

 

Махабат САИДРАХМАНОВА

№32 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 26-апрели

 

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!