"Эркин-Тоо"

Ырыс Тураркулов: “Адилеттүүлүк бар экен…

Ушул жылдын 9-январында ИИМ академиясынын курсанты 24 жаштагы Айза Улан кызы жол кырсыгынан каза болгон. Айзаны унаа менен койдуруп, кылмыш болгон жерден качып кеткен айдоочу Бишкек ШИИББи тарабынан 3 күн өткөндөн кийин кармалган. Кылмышка шектүү ички иштер органынын мурдагы кызматкери У.Н.А. болуп чыккан. Бирок, ал саламаттыгына байланыштуу сот тарабынан үй камагына чыгарылган. Анда Айзанын өмүрүн алып кеткен бул кырсыктын күнөөкөрүнүн үй камагына чыгарылышы коомчулуктун сынына кабылган. Окуя коомчулукта резонанс жаратып, сот процесстери чуулгандуу өтүп жаткан. Айзанын туугандары жаш кыздын өлүмүнө себепкерди мыйзам чегинде жазага тартууну суранып Президент Садыр Жапаровго жана Башкы прокуратурага кайрылганга аргасыз болушкан. Бирок, бул окуя жакында башка өңүттөн ачылды. Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү кылмыш ишин ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери У.Н.А. эмес, анын уулу жасагандыгын аныкташкан. Атасы уулун жоопкерчиликтен куткаруу үчүн кылмышты өз мойнуна алганы, тергөөнүн жыйынтыгында аныкталган. У.Н.А. ден соолугуна байланыштуу камакка алынбай турганын билип, баласынын кылмышын жашырган. Ошентип, тергөөнүн нугу такыр бөлөк жакка бурулуп, мурда шектүү катары аталып келген адамдын уулу У.Э. өлкөдөн чыгып кетүүгө камынып турган кезде кармалып, эки айга камакка алынган. Учурда кылмышка шектүү тараптын жактоочулары Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, кылмышкерди үй камагына чыгарып берүүнү суранып жаткандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Айза Улан кызынын бир тууган агасы Ырыс Тураркулов айтып берди.

 

— Ырыс мырза, кылмышты атасы эмес уулу кылгандыгын билгенде кандай абалда болдуңуз? Же башынан эле бул иште бир мандем бар экендиги билинген беле?

— Биз шектүү кармалганда эле кылмышты бул киши жасаган эмес го деген ойдо болгонбуз. Анткени ал ички иштер органынын мурдагы кызматкери экен. Кылмыш кылып, качып кеткендерге кандай жаза болорун билип туруп ал мындай кылмак эмес деген ой келген. Бирок, эч качан ал баласынын кылган кылмышын жашырып жатат деп ойлогон эмеспиз. Ден соолугуна байланыштуу кылмыш жообуна тартылбасын билип туруп, ал уулунун кылмышын жашырганга барганы биздин күйүтүбүздү дагы күчөттү. Жарабызды кайрадан тырмады. Мындай кадамга ал жалгыз өзү бармак эмес. Бул сүйлөшүлүп, жазадан качуунун жолун билгендер менен акылдашып туруп кылынган иш. Биринчи сот отурумдары болуп, алардын жазадан качуу аракетин көргөндө, айрым суроолорго жооп таба албаганыбыздан улам Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Ишти адилеттүү тергеп, бизге чыныгы кылмышкерди таап берген прокуратура кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз. Адилеттүүлүк бар экен, тергөө чындыгында жоопкерчилик менен өттү.

— Азыр алар Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылышыптыр. Эмне үчүн?

— Уулун үй камагына чыгарып берүүнү өтүнүп жатыптыр. Биринчи Май райондук соту Айзаны сүзгөн баланы 2 айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган. Эми алар да өз укугунан пайдаланып апелляциялык арыз менен кайрылып жатышат. Биз шаардык соттон да адилеттүү чечим чыгарып беришин өтүнөбүз. Эгер ал үй камагына чыгарылса тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдуктар жаралып, кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракетин көрөбү деген ойдобуз.

— Уулунун кылмышын жашырган атасына кандай чара көрүлдү?

— Атасына жаза каралган жок. Мындай учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу мыйзамда каралбаптыр. Биз азыр Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырып берет деген ишеничтебиз. Кылмышкер өз жазасын алыш керек. Карындашымдын жаш өмүрү кыйылды. Анын үстүнө оюн куруп, биздин күйүтүбүзгө күйүт кошуп жатышат.

 

Жазгүл Кенжетаева

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!