"Эркин-Тоо"

Ысык-Ата-1 чакан ГЭСи ишке кирди

Чүй облусунда Ысык-Ата-1 чакан ГЭСи ишке кирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, гидроэлектростанциянын кубаттуулугу 2 МВтты түзөт.

Бул кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана жеке сектордун биргелешкен аракетинин натыйжасы экени айтылды.