Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылында жайгашкан мал фермадан өрт чыгып, 18 баш бука күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө №27 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен 500 чарчы метрлик сарай, 2000 түк чөп жана байлоодо турган 18 баш бука күйүп кеткен. Ал эми 15 бука аман калган.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.